Ош: “Россия нефть” базасында өрт чыгып, 2 адам жаракат алды
2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттү толугу менен өчүрүшкөн
Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу ушул эле айылда жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында кечээ, 3-июль күнү саат 18:20да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кара-Суу райондук №102 жана №25 өрткө каршы бөлүктөрдөн 2 күжүрмөн эсеп тилсиз жоо менен күрөшүүгө чыккан. Мындан сырткары №13 өрткө каршы бөлүгүнөн автошаты тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн тынымсыз аракетинен соң аталган кырсык чектөөгө алынып, саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт кырсыгынын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү авто цистернасы күйгөн. Мындан сырткары 2 адам жаракат алып, медицина кызматкерлерине берилген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.