Ош облусунун жалпы 555 орто мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылды

 Ош облусунун жалпы 555 орто мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылды

Бүгүн, 25-майда Ош облусунун бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, РМАнын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

 

Майрамдык иш-чаранын алкагында Ош облусунун башчысынын орун басары Талантбек Арстанкулов Кара-Суу районундагы К.Эрматов атындагы орто мектебинде, Илияз Ташбаев «Ноокат билимканасы» жатак-лицейинде жана Н.К. Крупская атындагы орто мектебинде болуп, жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти бүтүшү менен куттукташты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн мугалимдер КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Быйылкы окуу жылында 9-классты 25215 окуучу, 11-классты 15634 окуучу аяктады.

 

Ош облусу боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен жалпысынан 526 окуучу «Алтын тамга» артычылык аттестаты үчүн сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алардын ичинен 17си тиешелүү балл менен «Алтын тамга» артычылык аттестатына ээ болушту.

Связанный пост