Ош облусунун ар бир районунда арзандатылган көмүрдү сатуу үчүн атайын базалар ачылат

Ош облусунда күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасын туруктуу кармоо жана калкты камсыздоо боюнча жыйын болуп өттү.
Кыш мезгилине калкты көмүр менен камсыз кылууда анын баасын туруктуу кармоо маселелери талкууланды.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев өткөрдү.
Жыйынга КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Токтогул Мамашов, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Осмонов Ынтымак, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин биринчи орун басарлары жана көмүр казып алуучу мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Негизги маселе катары район базаларына көмүрдү ортомчулардын катышуусуз жеткирүү жана көмүрдүн баасын 5 сомдон ашпоо маселеси каралды. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ар бир райондо арзандатылган көмүрдү сатуу үчүн атайын базаларды ачуу чечими кабыл алынды. Бул базалар түздөн-түз көмүр казуучулар тарабынан камсыз кылынат жана бул ортомчулар тарабынан негизсиз кымбаттоолорго жол бербейт.
Жыйын бардык катышуучуларга тиешелүү тапшырмаларды берүү менен аяктап, алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты арзан баада көмүр менен камсыздоо боюнча сунушталган иш-чараларды тез арада ишке ашырууга бардык күч жумшалат.

Связанный пост