Ош облусунун аймагында жазгы айдап-себүү иштери башталды

Ош облусунун аймагында жазгы айдап-себүү иштери башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунун Араван районунда кайрак айдоодо жазгы кылкандуу дан эгүү иштери кызуу жүрүүдө. Мунун себеби өлкөнүн түштүгүндөгү жылуу аба-ырайына байланыштуу.
Белгилей кетсек, жыл сайын Ош облусунда жазгы талаа иштери башка аймактарга салыштырмалуу эрте башталат.
Эске салсак, бүгүн, 26-февралда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жазгы айдап-себүү кампаниясы боюнча кеңешме өткөрүп, ага президенттин облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан. Кеңешменин жыйынтыгында министр бир катар тапшырмаларды бергени белгилүү.