Ош облусунда “Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын облустук этабынын жыйынтыгы чыгарылды.
Облустук кароо сынак Ош билим берүү институту тарабынан уюштурулуп, Ош облусунун райондорунан жалпысы 15 мугалим катышып, жободо көрсөтүлгөн эрежелер боюнча ат салышып, жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйланышты.
“Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын облустук этабынын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлоо аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев катышып, мугалимдердин кадыр баркын жогорулатууга багытталган, билим берүү мекемелеринде таланттуу, чыгармачыл мугалимдерди шыктандырууга негизделген конкурстун маанилүүлүгүнө токтолуп, билим берүү процесстеринде жаңы технологияларды колдонуу жана билим берүү мазмуунун жаңыртуу менен педагогикалык чыгармачыл жамааттын ишмердүүлүгүнө чоң пайдасы тие тургандыгын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.ДЖантаевдин атынан “Жылдын мыкты мугалими-2023” сынагынын жигердүү катышуучуларына куттуктоо сөзүн айтып, жети мугалимге Ардак грамота жана сегиз мугалимге Ыраазычылык кат тапшырылды.
Андан сырткары, Ош облустук мугалимдердин профсоюз комитети, Ош жергесиндеги жогорку окуу жайларынын жетекчиликтеринин (Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Б.Сыдыков атындагы Ош мамлекеттик кыргыз-өзбек эл аралык университети) атайын баалуу белектери, акчалай сыйлыктары катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө ыйгарылды.

Связанный пост