Ош облусунда мөмө-жемиш, эт, сүт багытында 53 ишкана ачуу пландалууда

 Ош облусунда мөмө-жемиш, эт, сүт багытында 53 ишкана ачуу пландалууда

2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүү максаты коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул багытта өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү пландалган.

Ош облусу боюнча өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын абалына жүргүзүлгөн талдоонун негизинде 8 соода-логистикалык борборду жана 53 кайра иштетүү ишканасын ачуу мерчемделүүдө.

Жаңы ишканалар облустун климаттык жана географиялык шартына жараша өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүүгө багытталат. Алар жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, жүзүм, сүт, эт, жүн жана күрүч тармактарын камтыйт.

Райондор боюнча бөлүп карай турган болсок:

  • Кара-Суу району – 1 соода логистикалык борбор (СЛБ), 10 кайра иштетүү ишканасы;
  • Ноокат району – 1 СЛБ, 8 кайра иштетүү ишканасы;
  • Кара-Кулжа району – 4 кайра иштетүү ишканасы;
  • Алай району – 1 СЛБ, 4 кайра иштетүү ишканасы;
  • Араван району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүү ишканасы;
  • Өзгөн району – 2 СЛБ, 6 кайра иштетүү ишканасы;
  • Чоң-Алай району – 5 кайра иштетүү ишкана;
  • Ош шаары – 1 СЛБ, 3 кайра иштетүү ишкана.

Министрликтен белгилешкендей, бул планда айыл чарба продукциясынын жоготуулары кыскарып, жаңы жумуш орундар түзүлүп, агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Ошондой эле бул иш-чаралар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырылат.

Связанный пост