Ош облусунда эки көмүр кени ишке кирди

 Ош облусунда эки көмүр кени ишке кирди

Ош облусунда эки көмүр кени ишке кирди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматы боюнча, Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан Бешбурхан көмүр кени жылына 280 миң тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аталган кенге “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы ээлик кылып, ички инвестор менен келишимдик өнөктөштүктө иш алып барат. Жалпы инвестициянын көлөмү 25 миллион АКШ долларын түзөт.

Бешбурхандын көмүрүн эми социалдык баада сатуу жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү жаралды. Ишканада жалпы 200 кызматкер жумуш оруну менен камсыз болот.

Ишкананын жетекчилиги Бешбурхан көмүр кенин региондогу эң ири өндүрүш жайларынын бири катары өнүктүрүүнү көздөп, туруктуу рынок менен камсыз кылууну жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү мерчемдеди.

Ал эми Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан Кожо-Келең көмүр кени ички инвестордун 300 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каржылоосу менен ишке кирүүдө. Ишкана жылына 5 миң тонна көмүр өндүрүүнү пландап жатат.

Бул көмүр кени да “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына таандык. Ишканада жалпысынан 20 кызматкер эмгектене турган болду. Өндүрүштү кеңейтүү менен Кожо-Келең көмүр кени аймактагы көмүр рыногунун туруктуу камсыздоочуларынын бирине айланууга ниеттенүүдө.

Эки ишканада кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Коопсуздукту жогорулатуу максатында кендин аймагына видеокөзөмөл камералары орнотулду.

Белгилей кетсек, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025-жылдын аягына чейин дагы 3 көмүр кенин ишке киргизүү пландалууда.

Бул иштер калкты көмүр менен камсыз кылуу, көмүр кендерин ишке киргизүү, тармактагы ишти жакшыртуу талабына ылайык аткарылууда.

Связанный пост