Ош облусунда 80 миңге жакын “акылдуу” эсептегичтер орнотулду

 Ош облусунда 80 миңге жакын “акылдуу” эсептегичтер орнотулду

Энергетика министрлиги санариптештирүү иштеринин алкагында калкты “акылдуу” электр эсептегичтер менен камсыздоону улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылдын планы боюнча, “КУЭТ” ААКнын Ош электр тармактары ишканасы тарабынан жалпы 100 850 даана акылдуу эсептегич орнотулушу керек. Бүгүнкү күнгө чейин анын 78 475 даанасы орнотулуп бүттү, калган 22 375 даанасы жыл аягына чейин орнотулат.

Ош шаарында эсептегичтерди орнотуу 100%га аяктады. Ал эми облус аймагында жабдуулар төмөнкүдөй тартипте таратылды:

  • Араван РЭТ — 27 766 даана бөлүндү, анын ичинен 9 511 даана эсептегич жыл аягына чейин орнотулат;
  • Кара-Суу РЭТ — 18 390 даана берилип, 3 481 даана жабдуу калууда;
  • Өзгөн РЭТ — 29 586 даана берилген, анын 7 001 даанасы дагы орнотулат;
  • Ноокат РЭТ — учурда 1 657 даана орнотулду, ал эми калган бөлүгү 2026-жылдын бизнес планына киргизилип, келерки жылы толугу менен бүткөрүлөт.

Белгиленгендей, 2025-жылдын ичинде пландалган 100 850 даана акылдуу эсептегич толугу менен орнотулат.

“Акылдуу” эсептегичтердин негизги артыкчылыктары:

  • Электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүү;
  • Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоо;
  • Коррупцияны жоюуга шарт түзүү;
  • Көрсөтмөлөрдү реалдуу убакыт режиминде берүү;
  • Электр энергиясы ашыкча колдонулганда же карыз болгондо автоматтык түрдө өчүрүү;
  • Төлөм жасалгандан кийин автоматтык түрдө кайра кошулуу;
  • Эсептегичке тышкы кийлигишүү болгондо дароо эскертүү берүү.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштеген чалуу борборуна кайрылыңыз: 105, 1209

  • +996 772 001209
  • +996 702 001209
  • +996 556 001209 (WhatsApp)

Связанный пост