Ош облусунда 50дөн ашуун балдар бакча ачылат

 Ош облусунда 50дөн ашуун балдар бакча ачылат
2023-жыл ичинде Ош облусунун аймагында 50дөн ашуун балдар бакчасы ачылып, колдонууга берилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында балдардын жайкы эс алууларын уюштуруу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин курулуштарынын жүрүшү, кыска мөөнөттөгү ишмердүүлүк жүргүзүүчү балдар бакчаларынын имараттарын оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана балдарды бала бакча менен камсыздоо көрсөткүчтөрүн алдыга жылдыруу маселелери боюнча РМАлар, тиешелүү кызматтар менен онлайн тартипте жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда Ош облусунун аймагында ачыла турган 136 кыска мөөнөттүү бала бакчалардын, 2023-жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ачыла турган республикалык, муниципалдык жана жамааттык 50 бала бакчанын курулуштарынын, капиталдык оңдоодон өткөрүлүшү боюнча маалыматтары эске алынып, бир катар тактоочу суроолор берилип, жооптор алынды.
Андан сырткары, балдардын жайкы эс алуусуна даярдыктын жүрүшү боюнча РМАлардын жетекчилери да маалыматтарын беришип, балдардын жайкы эс алуусун жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча сунуш пикирлерин беришип, жайкы эс алууну уюштуруу милдеттерин так, туура бөлүштүрүүнү белгиледик.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н.Джантаевдин атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы №260 “Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүүлүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен Ош облусунун аймагында балдардын бала бакча менен камсыздоо көрсөткүчтөрүн жогорулатуу милдеттери тиешелүү жетекчилерге жүктөлдү.
Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы менен тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилип, аткарылуучу иш-чаралардын мөөнөттөрү белгиленди.

Связанный пост