Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 60 млн сом жумшалды

 Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 60 млн сом жумшалды

Ош облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата  дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 60,0 млн сом суммасында 54 долбоор каржыланды.

Алар:

– 17 мектепке – 17,8 млн сом;

– 1 саламаттык сактоо мекемелерине 0,6 млн сом;

– 18 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 21,4 млн сом;

– 2 спорттук курулуштарга – 5,2 млн сом;

– 6 маданий маанидеги объектиге – 5,0 млн сом;

– 10 бала бакчага – 10 млн сом жумшалды.

Связанный пост