Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 12 млн сом жумшалды
Ош облусунда 7 айга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 12 млн сом суммасында 19 долбоор бекитилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анда:
Кара-Кулжа районунун 3 объектисине 1,9 млн сом;
Кара-Суу району – 3 объектиге 2,1 млн сом;
Ноокат району – 1 объектиге 0,7 млн сом;
Алай району – 3 объектиге 1,9 млн сом;
Өзгөн району – 8 объектиге 4,6 млн сом;
Чоң-Алай району – 1 объектиге 0,8 млн сом;
Жалпы:
7 мектепке – 3,7 млн сом;
6 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 4,6 млн сом;
1 спорттук курулуштарга – 0,7 млн сом;
5 бала бакчага – 3,0 млн сом;