Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 105,1 млн сом каржыланды
Ош облусу боюнча 2023-жылдын 10 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 105,1 млн сом суммасында 63 долбоор каржыланды.
Алар:
– 19 мектепке – 32,5 млн сом;
– 1 саламаттык сактоо мекемелерине 2 млн сом;
– 22 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 34,4 млн сом;
– 2 спорттук курулушка – 5,2 млн сом;
– 8 маданий маанидеги объектиге – 13,1 млн сом;
– 11 бала бакчага – 17,9 млн сом жумшалды.