Ош облустар аралык бириккен оорукананын төрөт бөлүмү 40 млн сомго жаңыланды

 Ош облустар аралык бириккен оорукананын төрөт бөлүмү 40 млн сомго жаңыланды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Имаратты оңдоо иштерине жалпы 40 млн сом жумшалып, энелер үчүн керектүү шарттар түзүлгөн.

 

Төрөт бөлүмүнүн ачылышына президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев катышып, мында түзүлгөн шарттар кубандырарын айтты.

 

Ошондой эле ал жалпы персоналдын ишине ийгиликтерди каалап, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды.

Связанный пост