Ош мэри үч эмге батирдин ачкычын тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн.
Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.