Ош базарында дары каражаттарын мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча рейд өттү
КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР ИИМ БМАККтын ишкердик ишмердүүлүктү лицензиясыз жүзөгө ашырууну текшерүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын алкагында, бүгүн 2023-жылдын 31-октябрында КР Саламаттык сактоо министрлиги, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти, Бишкек ш., Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери КР ИИМдин БМАКК кызматкерлери менен биргеликте Бишкек ш. Ош базарында дары каражаттары жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында рейд жүргүзүлдү.
Бул иш-чара КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана КР ЖК депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чынгыз Айдарбековдун катышуусунда өттү.
Ош базарындагы «Берекет Гранд» соода борборуна жасалган рейддин жүрүшүндө ээлери дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды уруксат берүүчү документтерсиз жана тиешелүү ченемдерди сактабастан сатып жаткан бир нече контейнелер жабылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча беш контейнердин ээсине КРнын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 284-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп жана айыппул салынды. Мындан тышкары БМАКК тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн дары каражаттарынын үлгүлөрү алынды. Контейнерлердин ээлеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев рейддин жүрүшүндө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга чечкиндүү күрөшүү керектигин баса белгиледи. “Бул биздин жарандардын ден соолугунун маселеси жана биз жасалма же сапатсыз дары каражаттарынын биздин жарандарыбыздын колуна тийишине жол бербешибиз керек. Биздин максатыбыз – базардагы медициналык товарлардын коопсуздугун жана сапатын камсыздоо”, – деди ал.