Орунбеков: Тажикстанга Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы Достук айылы алмашылган

Тажикстанга Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы Достук айылы алмашылган. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
«Айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатышат.
Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – Суу боюндагы Карабак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз»,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы «Достук айылын толугу менен Тажикстанга бердик. Анкени ал биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Айылдан бизге стратегиялык же экономикалык пайда жок. 91 гектардын ордуна 91 гектар жер алдык деп айткан.