Орунбеков: Садыр Жапаровдун тушунда карыз ИДПга салыштырмалуу төмөндөдү

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мамлекеттин тышкы карызы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү экономиканын көлөмүнө салыштырганда (ИДП) 36,9 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга караганда төмөндөгөнү байкалат. Мисалы, 2020-жылы карыз ИДПнын 67,6 пайызын түзгөн.
“Кыргызстандын карызынын көбү – тышкы карыз. Башкача айтканда, өлкө акчаны башка мамлекеттерден, же эл аралык банктардан алган. Бул тышкы карыздын ичинде эң чоң үлүштү Кытайдын экспорт-импорт банкы ээлейт – болжол менен 1,59 млрд доллар. Андан сырткары Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду да акча берген.
Аскар Акаевдин башкаруусу тушунда карыз ИДПнын көлөмүнөн 100 пайыздан ашкан учурлар болгон, Курманбек Бакиевдин тушунда 70пайызга чейин, ал эми Роза Отунбаеванын мезгили 59 пайыздын тегереги, Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу учурунда карыз ИДПга карата 67 пайызга чейин чыгып, Сооронбай Жээнбековдун тушунда дагы ал көрсөткүч кала берген. Ошол эле учурда бюджет таңкыстыгы (дефицит) көп кездешчү”, – деди ал.
Орунбеков белгилегендей, Садыр Жапаровдун тушунда карыз ИДПга салыштырмалуу төмөндөдү. Ошол эле мезгилде бюджет профицити – башкача айтканда, кирешелер чыгашадан көп болуп калган учурлар болду. 2024-жылы мисалы, бюджет профицити 2,5 пайыз болду. 2030-жылга чейин бюджеттин профицити күтүлүүдө.
“Мында баса белгилеп кетүү керек, Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2024-жылдын жыйынтыгы менен 688,5 млрд сомду түздү, же 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге өстү. Ал эми 2025-жылга бекитилген консолидацияланган бюджеттин көлөмү 708,9 млрд сом болсо, алдын ала болжол менен жылдын аягына чейин 1 триллиондон ашуусу күтүлүүдө.
Мамлекет учурда буга чейин алынган карыздардын эң көп бөлүгүн төлөп жатат. Ага карабай кирешеси көбөйүп, экономика ирденип, өлкөдө курулуштар, жаңы ачылыштар, техникалардын сатып алынышы темпин жогорулатты. Мисалы, тышкы карызды төлөөгө 2023-жылы 53,1 млрд сом багытталса, 2024-жылы 59,9 млрд сом багытталды.
Ошол эле учурда эмгек акыны көтөрүүгө, социалдык маселелерди чечүүгө жана жолдорду, мектептерди, бала-бакчаларды, ооруканаларды жана социалдык турак-жайларды курууга олуттуу акча каражаттары үзгүлтүксүз бөлүнүп жатат.
Мисалы, “Имараттар жана курулуштар” беренеси боюнча гана мамлекеттик бюджеттен 2024-жылы 110 млрд сом тегерегинде багытталды, бул көрсөткүч 2020-жылда 10 млрд сомду гана түзгөн.
Бирок карыз азайды дегенге карабай, алдыда дагы төлөнө турган ири суммалар бар. Экономисттер айтып жаткандай, 2027-жылы Кыргызстан тышкы карыз боюнча негизги төлөмдөрдү көбүрөөк төлөй баштайт – жылына 500 млн доллардан өйдө болушу мүмкүн. Бул карыздар мамлекет эгемендик алгандан тарта, айрыкча 2010-жылдан 2020-жылга чейинки алынган карыздар болуп саналат”, – деди ал.