Орунбеков кыргызстандыктарды президентти каралоолорго ишенбөөгө чакырды

 Орунбеков кыргызстандыктарды президентти каралоолорго ишенбөөгө чакырды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды президент Садыр Жапаровду каралаган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.

Ал тарап жаткан жалааларга так далилдер, ынанымдуу фактылар даяр экенин белгиледи.

“Өлкө башчысы Садыр Жапаровго карата кандай гана каралоо болбосун, андай калптардын өмүрү кыска. Тарап жаткан жалааларга так далилдер, ынанымдуу фактылар менен жообубуз дайым даяр. Айтылып жаткан жана мындан ары дагы жарыялана турган калптарга ишенбөөгө чакырабыз”, – деп жазган.

Связанный пост