Орунбеков Атамбаевдин учурундагы энергетикалык көйгөйлөр тууралуу айтып берди

 Орунбеков Атамбаевдин учурундагы энергетикалык көйгөйлөр тууралуу айтып берди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы энергетика тармагындагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган маалда Россиянын “РусГидро” компаниясы менен биргеликте Нарын жогорку каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлуп, ГЭСтин курулушуна расмий түрдө старт берилген.

Сүрөттө көрсөтүлгөн учур — дал ошол капсула салуу аземи.

“Бирок, кийинчерээк Атамбаевдин бийлиги бул келишимди бир тараптуу бузуп, анын ордуна Чехиянын “Лигласс Трейдинг” аттуу компаниясы менен жаңы келишим түзөрүн жарыялаган.

“РусГидро” компаниясы Нарын жогорку каскадын курууга даярдык иштерине, төлөнгөн салыктарга жана башка чыгымдарга жалпы 37 млн доллар сарптаганын билдирген. Бирок ошол убакта Атамбаевдин бийлиги бул 37 млн доллардын кайда жана кандай максатта жумшалганын так көрсөтө алган эмес. Натыйжада бул сумма кумга сиңгендей дарексиз “жоголуп”, Кыргызстандын мойнуна карыз болуп илинип калган.

“РусГидро” ишканасы кыргыз бийлиги келишимди бир тараптуу мыйзамсыз бузду деп, эл аралык сотко кайрылып, ишти утуп алган. Ошондон бери карыздын үстүнө пайыз кошула берип, 37 млн доллардык карыз бүгүнкү күндө 51 млн долларга жеткен. Эгерде ошол кездеги бийлик келишимди бир тараптуу бузбаганда, анда эл аралык сотто утулбай далилдөөгө шанс калмак.

Ошентсе да, Атамбаев өз кайрылуусунда “мен энергетика тармагын бутуна тургузуп кеткем” деп айтыптыр. Чындыгында энергетика тармагын бутуна тургузбай эле, белин сындырып кеткен”, – деди ал.

Анын айтымында, “РусГидро” ишканасынан кийин 12 ГЭС курабыз деп чехиялык “Лигласс трейдинг” деген компания менен келишим түзүп, кол коюп жиберишкен. Кийин ал компания фейк болуп чыккан. Журналисттер аталган ишкананын дарегине барганда, бузулган эски заводдун орду болуп чыккан.

“Жада калса, Атамбаевдин бийлиги ошол фейк “Лигласс трейдинг” компаниясына дагы келишим түзүп кайра бузганы үчүн 3 млн доллардай карыз болуп, төлөөгө милдеттүү болуп калса керек эле.

Атамбаевдин “РусГидро” ишканасы менен ГЭСти курууга старт берген сүрөткө көңүлүңөрдү дагы бир ирет бургум келет. Төрт жыгач тактайга бир кап цементти кумга аралаштырып, эки күрөк менен эле баштаган экен. Эч бир техника дагы көрүнбөйт.
Бул эмнеден кабар берет?” – деп суроо салды Орунбеков.

Связанный пост