Орто-Токой ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт
4-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.
Ведомстводон маалымдашкандай, “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директору Шакир Саидов курулуш тууралуу кеңири маалымат берип, жумуштар бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Тактап айтканда, ГЭСтин жалпы курулуш иштери 75 пайызга аяктады.
Мындан тышкары, ал учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп бүтүп, суу топтолушуна тосколдук жаратпай турганын белгиледи. Ошондой эле узундугу 928 метрди түзгөн туунду туннели казылып, анын 624 метри бетондолуп бүткөнүн айтты.
Энергетика министри курулуш өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшү керектигин белгилеп, “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директору Шакир Саидовго курулуштун жүрүшүн катуу көзөмөлгө алуусун тапшырды.
Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт.