Орто-Токой ГЭСинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө
“Чакан ГЭС” ААКка таандык Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда туунду туннель төшөлүп, ГЭСтин пайдулабы казылып, кирүүчү жолдору курулууда, ошондой эле биринчи гидроэнергетикалык жабдуулар жеткирилди.
Буга чейин куруучулар үчүн шаарча, курулуш материалдарын сактоо үчүн кампалар, бетон даярдоо түйүндөрү, компенсатордук курулуштар жана электр камсыздоо системалары тургузулган.
Ошондой эле топурактын урашын алдын алуу максатында бекемдөө (цементациялоо) иштери жүргүзүлүп, курулуш объекттерине убактылуу жана туруктуу жолдору жасалган.
Азыркы учурда төмөндөгү иштер аткарылууда:
• ГЭСтин имаратынын котлованы 10 % аяктады, 50 миң куб метр топурак чыгарылды;
• диаметри 5,4 метрлик туннелди казуу иштери жүрүүдө: 771 метрден 312 метри казылды;
• үч агрегат үчүн соргуч түтүктүн конустук бөлүгүн жеткирүү иштери жүрүп жатат;
• суу кабыл алуу жайга суу тосмонун кыры аркылуу алып бара турган жолдун курулушу жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: Орто-Токой ГЭСи Балыкчы шаарына жакын Орто-Токой суу сактагычынын аймагында жайгашкан. Станциянын долбоордук кубаттуулугу – 21 МВт, орточо жылдык электр энергия өндүрүшү – 75 млн кВт/саат.
Башкы аткаруучу – CHMC (China National Heavy Machinery Corporation) кытай компаниясы. Курулуш 2024-жылдын жай айларында башталган, толук аяктоо 2026-жылдын биринчи жарымына пландалган.