Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду

 Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду

Бүгүн, 2023-жылдын 24-мартында «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг ортосунда Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КР  Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР  Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев катышты.

Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат.

Маалыматка ылайык, Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 мин ГА жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.

Связанный пост