МСКнын лотереясынын катышуучулары 1 күндө 40 млн сомго кассалык чектерди сканерлешти

 МСКнын лотереясынын катышуучулары 1 күндө 40 млн сомго кассалык чектерди сканерлешти

Салык кызматынын лотереясын кайрадан улантуу жарыялангандан кийин бир күндүн ичинде жарандар “Салык чек” тиркемеси аркылуу 40 млн сомдон ашык суммага 26 миңден ашык кассалык чек сканерден өткөрүштү. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 23-мартынан тартып «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы жаңы шарттар менен расмий улантылууда. 1-утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот.

Лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат. Анын ичинен 10 батир, 20 электромобиль, 1000 iPhone 14, 1000 Xiaomi смартфону, Дубайга 6 жолдомо (эки кишилик), 300 ноутбук, 40 даана Dyson стайлери.

Лотереяга катышуу үчүн:

– “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүңүз. Колдонуп журсөңүз, тиркемени жаңыртуу керек;

– товарларды же кызматтарды сатып алууда фискалдык модулу менен ККМден гана кассалык чекти талап кылыңыз;

– мобилдик тиркемеге кассалык чекти сканерден өткөрүңүз.

Чек талап кылып, байге утуп ал! Чектер канчалык көп болсо – байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Связанный пост