Орозо айтта 9 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Орозо айт майрамы учурунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыздайт.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Орозо айттын алдында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.
30-мартта өлкө аймагындагы мечиттерде 9 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.
Коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, милиция кызматкерлери ыкчам кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузууларга дароо жооп кайтаруу чаралары көрүлөт.
Бүгүн ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлеринин кызматка жана коомдук тартипти сактоо боюнча даярдыктары саптык кароодо текшерилди.