Орозо айт 30-мартта белгиленет

 Орозо айт 30-мартта белгиленет

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 30-мартта белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Орозо айында мусулмандар 30 күн бою ооз бекитип, күндүз тамактанбайт. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат.

Орозо жыйынтыкталганда Орозо айт майрамы белгиленет. Бул күнү айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде окулат.

Кошумчалай кетсек, муфтият тарабынан битир-садаганын өлчөмү бекитилген: жарандар буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же аларды акчалай наркы менен берүү керек.

Связанный пост