Октябрда 4 миңден ашуун ипотекалык батирди пайдаланууга берүү пландалууда

 Октябрда 4 миңден ашуун ипотекалык батирди пайдаланууга берүү пландалууда

Октябрь айында Бишкек жана Манас шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайгашкан турак жай комплекстериндеги 4 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

МИКтин маалыматына ылайык, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө аяктаса, октябрь айында төмөнкү даректерде батирлерди тапшыруу пландалууда:

  • Бишкек шаарында Маликов көчөсүндө – 1104 батир, Бегматов көчөсүндө – 105 батир;
  • Манас шаарында Малашев көчөсүндө – 600 батир, Садыров көчөсүндө – 1065 батир;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында – 312 батир;
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Карасаев көчөсүндө – 500 батир;
  • Нарын облусунун Нарын шаарында Молдоев көчөсүндө – 216 батир;
  • Кочкор районунун Кочкор айылында – 217 батир.

Жалпысынан аталган объектилерде 4119 батирди пайдаланууга берүү каралган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 83 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Ал эми 2026-жылдын аягына чейин 20 миң батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

МИКтин маалыматына караганда, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана пландаштырылган көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча иштер улантылууда.

Связанный пост