Ипотекалык турак жайдын чарчы метринин баасы канча?
default
“Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы аркылуу батир алуу үчүн кезекте тургандар үчүн мамлекеттик ипотекалык турак жайдын бир чарчы метринин баасы объекттин жайгашкан жерине жараша 900 доллардан 1 миң 200 долларга чейин түзөт. Сом менен эсептегенде, бул 78 миң 705 сомдон 104 миң 940 сомго чейин болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришти.
МИКтин маалыматына ылайык, аймактардагы объекттердин көпчүлүгүндө турак жайдын бир чарчы метринин баасы негизинен 900 доллардын тегерегинде белгиленет. Ошол эле учурда айрым объектилерде баа айырмаланышы мүмкүн.
Ал эми үлүштүк курулушка катышуучулар үчүн турак жайдын баасы кезекте тургандарга караганда бир аз жогору болот. Бул учурда да баа объекттин жайгашкан жерине жараша аныкталып, Бишкек шаарындагы жана аймактардагы турак жайлардын наркы айырмаланышы мүмкүн.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан белгилешкендей, турак жайдын баалары МИКтин расмий сайтында ачык жарыяланган. Жарандар конкреттүү объект боюнча турак жайдын актуалдуу баасы менен тааныша алышат.