Октябрь айында Кыргызстанга 340,5 млн доллар акча которулган
2025-жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түзгөн.
Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген – 321,6 млн доллар. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 18,9 млн доллар которулган.
Ал эми октябрдын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,5 млн доллар которулган. Анын 29,5 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.