Облус башчылары калк менен жылына эки жолу милдеттүү түрдө жолугушат

 Облус башчылары калк менен жылына эки жолу милдеттүү түрдө жолугушат

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин “Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 “Кыргыз Республикасынын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгына кол койду.

Жарлык президенттин 2026-жылдын 10–15-апрелиндеги Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Алсак, жарлык менен президенттин “президенттин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 “Кыргыз Республикасынын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү калк менен милдеттүү жолугушууларды ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрөт.

Аталган жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост