Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Рамазан айында аткарылган сооп иштер жана чын ыкластуу ибадаттар кабыл болуп, Орозо айт майрамы ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык жана өнүгүү алып келсин.

Бийик баалуулуктарга дем берген ушул жаркын күндөрдө Сизге чың ден соолук жана көптөгөн жакшылыктарды, ал эми боордош Кыргызстан элине ынтымак жана бакыт каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост