Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

 Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Эскерте кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбековичти ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоорун президентке киргизүүнү кабыл алган.

 

Мындай чечимдин долбоору ыйгарым укуктарынын алкагында функционалдык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы, ишенип берилген аймагындагы координация иштеринин жоктугуна, уюштуруу ишиндеги кемчиликтерге жол бергендиги үчүн кабыл алынган.

Связанный пост