“Нотариат жөнүндө”мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Нотариат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – “нотариалдык акт” түшүнүгүн аныктаган ченемдерди белгилөө, ошондой эле калкка нотариалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү үчүн зарыл болгон нотариустардын санын аныктоо.
Мыйзамга ылайык нотариалдык акт юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды жана жагдайларды нотариус ырастаган же күбөлөндүргөн укуктардын, милдеттердин мыйзамдуу жана анык далили болуп саналат.
Андан тышкары юридикалык адистик боюнча иш стажына талап бир жылдан үч жылга чейин жогорулады, ал эми стажировкадан өтүү мөөнөтү үч айдан бир жылга чейин узартылды.
Ошондой эле мамлекеттик нотариус катары 2 жылдан кем эмес иштеген адистер квалификациялык экзамен тапшырбастан лицензия ала тургандыгы каралган.
Мыйзам менен нотариалдык округдагы нотариустардын санын аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилет.
Ошону менен бирге квалификациясын жогорулатпагандыгы үчүн – окуудан өткөнгө чейин лицензияны токтото туруу каралган.
Мыйзамга ылайык кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуу менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттер аралыктан жүргүзүлүшү мүмкүн, бул кыймылдуу мүлктү каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтөт жана нотариалдык кызматтарды көрсөтүү процессин тездетет.