Нотариалдык иш-аракеттер эми онлайн аткарыла баштайт
Нотариалдык иш-аракеттер эми онлайн аткарыла баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Юстиция министрлигинин Нотариат жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Элия Ибраимова билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар электрондук кол тамга аркылуу нотариустун онлайн кызматын ала алышат.
“Нотариалдык тутумду реформалоонун алкагында “Электрондук нотариат 2.0” бирдиктүү маалыматтык системасы 2024-жылдын 1-февралынан тарта иштеп жатат. Анын алкагында иш пландары мерчемделип, алдынкылары аткырыла баштады. Алсак, нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жана онлайн аткаруу иши бар. Мындан ары чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар электрондук кол тамга аркылуу нотариустун кызматын онлайн форматта ала алышат. Онлайн нотариалдык кызмат көрсөтүүнүн механизмдери, эрежелери IТ-адистер менен биргеликте иштелип чыкты. Эми үйдө отуруп эле нотариустарга онлайн кайрылса болот. Юстиция министрлигинин сайтында жарандардын кайрылуусу деген бөлүм бар. Ошол бөлүмдүн ичинде, нотариустун онлайн кызматтары көрсөтүлгөн”,-деди ал.
Ошондой эле ал алгачкы онлайн форматтагы нотариалдык кызмат көрсөтүү АКШда аткарылгандыгын белгиледи.
“Эң биринчи этап пилоттук негизде АКШда аткарылды. Эгерде система жакшы иштеп берсе, биз үч айдын ичинде башка мамлекеттерге дагы киргизгенге аракет кылабыз”,-деди ал.
Булак “Кабар” агенттиги