Нотариалдык алты кызмат онлайн жеткиликтүү болду

Алты нотариалдык кызмат аралыктан жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Асел Абакирова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чаралардын негизги максаты – жарандарды нотариалдык кызматтар менен камсыз кылуу.
«Нотариалдык кызмат алуу үчүн чет өлкөдө жүргөн жарандар элчиликке же консулдукка барышчу. Бул жол киреге, мейманканага акча коротуп, узак кезекте турууга алып келчү. Анан документтерди почта аркылуу Кыргызстанга жөнөтүшчү. 2025-жылдын 1-октябрынан тартып алты нотариалдык кызматты аралыктан, онлайн түрүндө алууга болот. Мунун негизги шарты – булуттук санарип кол тамгага ээ болуу», – деди ал.
Ал белгилегендей, мындай санарип кол тамганы «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот. Кол тамга алынгандан кийин жаран Юстиция министрлигинин сайтына кирип, «электрондук нотариат» бөлүмүн ача алат, Андан кийин Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу текшерүүдөн өтүп, нотариусту тандап, тиешелүү өтүнмөнү берет. Мисалы, баланын чет өлкөгө чыгышына макулдук берүү, каттоо, чет өлкөлүк паспорт алуу же жарандыктан чыгуу сыяктуу кызматтарга.
Абакирова кошумчалагандай, нотариус видеоконференциянын убактысын белгилейт, ошол учурда ал арыз ээсинин эркин билдирүүсүн тастыкташы керек. Видеожазма система аркылуу сакталып, сот же тергөө органдарынын суроо-талабы боюнча берилет.
Абакирова өзгөчө баса белгилеген кызмат — баланын чет өлкөгө чыгуусуна макулдук берүү болуп саналат.
«Мисалы, ата-эненин бирөөсү Россияда, экинчиси Бишкекте болуп, баласын мелдешке же эс алууга алып баргысы келет. Мурун бул нотариуска барып гана чечилчү. Эми муну онлайн түрүндө бүтүрсө болот», — деп түшүндүрдү ал.
Ошондой эле, ал Юстиция министрлиги онлайн жүргүзүлө турган нотариалдык аракеттердин санын көбөйтүүнү көздөп жатканын айтты. Анын айтымында, учурда башка ишеним каттардын түрлөрү иштелип чыгып жатат жана «электрондук нотариус» мобилдик тиркемеси да түзүлүүдө.
«Жакында биз Азербайжанда болдук, ал жактагы кесиптештер мобилдик тиркемесин көрсөтүштү. Бул тиркеме КМШ мамлекеттеринин ичинде эле эмес, дүйнө жүзү боюнча эң мыкты тажрыйбалардын бири болуп эсептелет. Мобилдик колдонмо нотариалдык кеңселердеги кезек маселесин чечкен. Жакында бизде да мобилдик тиркеме аркылуу бул кызматтарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болот: адам тиркемени жүктөп, катталып, идентификациядан өтүп, нотариалдык бардык аракеттерди аткара алат — мүлктү сатып алуу, алмашуу же белекке берүү келишимдеринен тышкары. Мүлккө байланыштуу мындай келишимдерден башкасынын баары телефон аркылуу бүтүрүлөт. Бул система Азербайжанда эң сонун иштеп жатат», — деп кошумчалады ал.