Ноокендик дыйкан 8 гектар жерден 250 тонна дарбыз алууну көздөөдө
Ноокендик дыйкан 8 гектар жерден 250 тонна дарбыз алууну көздөөдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен блилдиришти.
Маалыматка караганда, Жаштык айылынын тургуну Авазбек Данилов “Баба дыйкан” фермердик чарбасын түптөп, алгачкы ири түшүмүн жыйноо алдында турат.
Анын айтымында, ал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан тиешелүү токтомдун негизинде 8 гектар жер алып, дарбыз эккен.
“Бүгүнкү күндө дарбыз бышып жетилип, жалпысынан 250 тоннага жакын түшүм алуу болжолдонууда. Азыркы тапта Манас шаарында дарбыздын дүң баасы 1 килограммы үчүн 25 сомду түзүүдө, ал эми талаадан ортомчулар 23 сомдон сурап жатышат”, – деген дыйкан алгач ички базардагы бааны байкап көрүп, андан кийин түшүмдү кайсы жерде сатууну чечерин билдирди.
Авазбек Данилов келерки жылы дарбыз аянттарын кеңейтип, түшүмдү чет өлкөлөргө экспорттоону көздөп жатат. Анткени бул азыкка ички жана тышкы базарда суроо-талап дайыма жогору.