Ноокенде 5 жылда 44 чакырым жол оңдолду
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушууда сүйлөп жатып, акыркы беш жылда Ноокен районунда 44 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн билдирди.
“2026-жылы дагы 41 чакырым жолду жаңылоо пландалууда. Ал эми Маданият — Майлуу-Суу автожолун оңдоону 2027-жылы аяктоо каралууда”, — деди мамлекет башчысы.