Ноокен районунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн, эскертүү макеттери орнотулууда

 Ноокен районунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн, эскертүү макеттери орнотулууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун  Ош –Бишкек унаа жолунун 527 чакырымына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү  МАИчинин формасындай атайын макеттер жаңыртылып, орнотулууда.

Бул макеттер жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жөө өтмөктөргө орнотулуп, алыстан келе жаткан айдоочуларга жаш өспүрүмдөр бар экендиги боюнча эскертүү берет.

Азыркы учурда,   мындай макеттер Ноокен районун жолго жакын жайгашкан мектептердин жөө өткөлдөрүнө  окуу жылынын башталышына чейин орнотуу каралууда.

Жергиликтүү тургундардын айтуусунда,  мындай ыкма жакшы натыйжа берип жаткандыгын айтып, башка жерлерге да профилактика иретинде орноштуруу керек экендигин айтышууда.

Связанный пост