Ноокаттын Алмалык айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Алмалык айылында заманбап 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу ачылыш аземине президенттин өкүлү Элчибек Жантаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу катышып, жергиликтүү тургундарды жана окуучуларды билим уясынын ачылышы менен куттукташты.

Эки кабаттуу мектеп имараты заманбап билим берүүгө ылайыкталып, бардык керектүү шарттар менен жабдылган. Окуу класстарынан тышкары, информатика кабинети, китепкана жана башкалар окуу-техникалык жабдуулары менен жабдылган.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2023-жылы башталган жана бүгүнкү күндө толугу менен аяктап, окуу процессине даяр. Имараттын жалпы тендердик баасы 65 млн 761 миң 189 сомду түзөт.

Бул билим берүү мекемеси аймактагы билим сапатын жогорулатууга жана балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Связанный пост