Ноокатта таксисттерден опузалап акча талап кылып жүргөн жарандар кармалды     

 Ноокатта таксисттерден опузалап акча талап кылып жүргөн жарандар кармалды     
2024-жылдын 22-январь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө  жаран 1983-жылы туулган С. А. арыз менен  кайрылган, анда  Ноокат районунун  “С” жана “Ж” аттуу тургундары Ноокат-Бишкек багытындагы такси кызматын аткарган  автоунаалар токтоп туруучу  жайга автоунаасын коюуп, такси кызматын аткаруу үчүн  акча талап кылып жаткандыгын билдирген.
       Аталган арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш игши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ноокат районунун жашоочусу 1962-жылы туулган О.Ж. атайын белги коюлган 20 000 (жыйырма миң) сом акчаны опузалап талап кылып  алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалды. Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, аталган кылмышка дагы бир шектүү Ош шаарынын жашоочусу 1992-жылы туулган А.уулу А. кармалды.
Учурда шектүүлөрдүн   уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар же жоктугу жана алардын башка кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост