Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

 Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Абшыр-Ата” турбазасынын 8183 чарчы метр жер тилкеси 2006-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, баасы 69,6 млн сом болгон “Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Связанный пост