Нигерияда кармалган эки кыргызстандык мекенге кайтарылды

2024-жылдын декабрь айында Нигериянын Лагос шаарында кибер алдамчылыкка шектелип кармалган эки кыргыз жараны 2025-жылдын август айында мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларга жарандык укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо максатында консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, алардын туугандары жана адвокаттары менен үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүлүп турган. Ошондой эле кырдаалды тез арада жөнгө салуу үчүн ТИМ Нигерияга эки жолу консулдук сапар уюштурган.
Министрлик жарандарды чет өлкөдө жумушка орношууда мүмкүн болушунча сак болууга жана күмөндүү сунуштардан этияттанууга чакырат.