Нарында төрөт бөлүмүнүн имараты ремонттолот
Нарында облус жетекчилиги тарабынан медицина тармагын жакшыртууга басым жасалууда. Жакында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн имаратына “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен 10 миллион сомго капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Бул чечим 8-августта “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин отурумунда кабыл алынды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, “Кумтөр Голд Компани” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы Тыныбек Жусубалиев баштаган Байкоочу кеңештин мүчөлөрү отурумдан кийин ремонт жасала турган имаратты жеринде көрүштү. Учурда имараттын терезе-эшиктерин, таза суу, канализация системасын толугу менен алмаштыруу жана косметикалык ремонт иштерин жүргүзүү зарылчылыгы турат. Буюрса жакын арада ондоп-түздөө иштери башталат.
Белгилей кетсек, буга чейин “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 миллион 987 миң сомго аталган имараттын чатыры алмаштырылган.
Мындан сырткары облустук оорукананын Жандандыруу бөлүмүнө аталган фонддон 3 миллион 373 миң сом каржыланып, капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жандандыруу бөлүмүндө жүргүзулгөн ремонт иштеринин сапатына жакшы баа беришти. Ал эми Төрөт бөлүмүнүн чатырындагы жумуштарда айрым кемчиликтерди белгилеп, калыбына келтирүү сунушун билдиришти.