Нарында кышка даярдык иштери жүрүп жатат

Нарында отказандарды кышка даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Президенинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

9-августта КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикме филиалындагы кышка даярдык иштеринин абалын көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Аталган жылуулук ишканасы Нарын шаарындагы 2562 абонентти жылуулук менен камсыздайт. 27 отказандын 13ү электр энергиясы, 14ү көмүр отуну менен жылытылат. Жылытуу мезгилинде ишканага жалпы 13683 тонна көмүр отуну керектелсе, бүгүнкү күнгө чейин 150 тоннасы тартылып келген. Учурда отканаларды ремонттоо иштери жүргүзулүүдө.

Нарын облусуна быйылкы жылы жалпы 127 миң 840 тонна көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен калктын муктаждыгы 92 миң 400 тоннаны, ал эми бюджеттик мекемелердин көмүр отунуна болгон муктаждыгы 35 миң 440 тоннаны түзөт.

Учурда “Кара-Кече”, “Турук” көмүр кендеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. 11-августта “Турук” кенинде, 15-августта “Кара-Кече” кенинде бюджеттик мекемелерге көмур тартуу иштери башталаары мерчемделүүдө.

Связанный пост