Нарында көмүр кенин басып алуу фактысы боюнча мурдагы депутаттар кармалды

Парламенттин мурдагы депутаттары Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат Нарын облусунун аймагындагы көмүр кендеринин бирин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын акцияларын мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, тиешелүү кылмыш ишин козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган маалыматка ылайык, парламенттин мурдагы депутаттары Ж.уулу А. жана М.М. аттуу жарандар ар кайсы мезгилде коркутуп-үркүтүү жана башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан жогорку ликвиддүү компаниянын акцияларынын контролдук пакетин алардын менчигине өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
31-июлда Ж. уулу А. жана М.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, ал эми сот тарабынан тергөөнүн бүткүл мезгилине карата бөгөт коюу чарасы тандалды.
Аталган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле бул иштерге түздөн-түз тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
УКМК бул багыттагы ишин мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүп, иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.