Нарында фермерлерге 3 млн сомдук сүт жабдыктары берилди
Бүгүн Нарын облусунун фермерлерине жалпы наркы 3 млн 92 миң сомдук сүт жабдыктары тапшырылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Анын ичинде 33 даана сүт саачу аппарат жана 349 даана атайын мал алдына төшөөчү желим килемчелер бар.
Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков жана фермерлер катышты.
Жабдыктар сүт секторундагы фермерлердин ишин жеңилдетүүгө жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.