Нарында Эгемендүүлүк майрамы белгиленди

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы Нарын облусунда чоң майрамдык салтанат менен белгиленди.

Майрамдык иш чара Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында театралдаштырылган оюн-зоок менен башталып, эгемендүүлүктүн, кыргыз мамлекеттүүлүүгүнүн маани-маңызы ачылып берилди.

Андан соң КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу Алтынбек Эргешов, КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тарабынан облустун элине куттук жолдонуп, жакшы тилектер айтылды.

Иш чара майрамдык концерт жана улуттук спорттук оюндар менен жыйынтыкталды.

Связанный пост