Нарында айыл чарба кластерлерин жана ишкердикти өнүктүрүүгө 2% үстөк менен насыялар берилет
Нарын облусунда айыл чарба кластерлерин, жеке ишкердикти өнүктүрүү, кайра иштетүү, өндүрүш ишканаларын колдоо багытында 2025-жыл үчүн облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 450 миллион сом бөлүндү. Бул тууралүу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымады.
Ишкердик ачам деген облус тургундары, айрыкча дыйкан, фермерлер долбоор жазып, 2 пайыз үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыяга каражат алсаңыздар болот.
Айыл чарба тармагындагы эт, сүт, бал, балык, мөмө-жемиш, сафлор жана тоют кластерлерин түзүү долбоорлорун каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.
Экономикалык долбоорлорду квартал сайын, ал эми социалдык долбоорлорду үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин Нарын райондук финансы башкармалыгына тапшыра аласыздар.