Нарын жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан саксон дооруна таандык петроглифтер табылды

2023 жылдын 4-сентябырынан 11-сентябырына чейин Нарын мамлекеттик, жаратылыш коругунун кызматкерлери  экспедицияда болушту. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Экспедициянын жүрүшүндө жаратылыш паркынын кызматкерлери коруктун аймагына 3 көчмө датчик жана 8 фотокапкан орнотушту. 2022-жылы волонтерлор орноткон 7 фотокапкандын батареялары алмаштырылып, жаңы флеш-карта орнотулду.
Мындан тышкары саксон дооруна таандык петроглифтер тарталыган жаныбарлардын изи түшүрүлгɵн таштар табылды. Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин тарых институтунун доценти О.Солтобаевдин айтымында аталган таштар биздин заманга чейинки 2-4-3-6 кылымдарына таандык.
Ошондой эле, коруктун кызматкерлери тарабынан Ат-Башы районунун эки жараны ок атуучу куралдары менен жана уруксат кагаздары жок экени аныкталып, иштин материалдары 50 000 сом доо менен укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Соттук ишти кароодо сот айып пулду төлөɵ, ок атуучу куралдарды конфискациялоо чечимин чыгарды.

Связанный пост