Нарын шаарынын 155 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 15-сентябрда Нарын облусунун борбору – Нарын шаарынын 155 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жатат.

Майрамдык иш чаранын расмий бөлүгү Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлдү.

Салтанаттуу жыйынды Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев ачып, Нарын шаарынын 155 жылдык тарыхын камтыган видео тасма көрсөтүлдү.

Майрамдык иш чарада КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев, коомдук жана саясий ишмер Алмазбек Баатырбеков, Нарын облусунун жана шаарынын мурдагы жетекчилери: Алмазбек Акматалиев, Эмилбек Алымкулов, Асанбек Кермакунов, Рахат Адиев, Нурбек Молдокадыров, Нарын шаардык Кеңешинин мурдагы төрагасы Эрмек Турсуналиев, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазал мырза, Ош облусунун, Нарын облусунун акимдери, мекеме жетекчилери, Нарын шаардык кеңешинин депутаттары жана башкалар куттук айтып, шаардын басып өткөн тарыхый жолуна баа беришти.

Маараке Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта театралдаштырылган оюн-зоок жана “Нукура” фестивалы менен улантылды.

Иш чарада куттук жолдогон КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов:

“Мааракелерди белгилөө – артка кылчайып басып өткөн жолубузга анализ жасоого, белгилүү мезгил мерчеминдеги өнүгүү жолун камтыган окуяларга баа берүүгө өбөлгө болот.

Бүгүн биз Нарын шаарынын мааракесин белгилеп жатып, сөзсүз артка кылчайып, анын бир жарым кылымдык тарыхын көз алдыбыздан өткөрүүдөбүз.

Нарын шаарынын тарыхынын башаты батыш менен чыгышты байланыштырып, элдер менен маданияттарды байыткан Улуу Жибек жолуна барып такалат. Ушул шаар жайгашкан аймак бир кезде бийик тоолорду ашып, арып-азып келаткан кербендер үчүн социалдык багыттагы маанилүү жай болгону белгилүү.

Алгач Жети-Суудан Кашкарга кетүүчү соода жолундагы кыргыздардын аскер түйүнү катары негизделип, бара-бара соода-сатык, мал чарбачылыгы менен алектенген чакан айыл 155 жылдын ичинде 41 миңден ашык калкы бар облустук маанидеги калаага айланып олтурат.

Ушул мезгил мерчеминде Нарын шаарынын социалдык, экономикалык, маданий, инфраструктуралык жактан ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө нечендеген залкар инсандар салымдарын кошушкан. Алардын ар биринин эмгектери баалуу жана кайталангыс.

Бүгүн да стратегиялык аймакта турган шаарыбыздын келечеги кенен.

Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жаш, жарык жана жашыл шаарга айландыруу, шаарды бийигинен өстүрүү, ишканаларды куруп калкка жумуш орундарын түзүп берүү биздин бүгүнкү милдетибиз.

Өзүңүздөр билгендей, Президентибиздин колдоосу, жергиликтүү бийликтин аракети менен Нарын шаарынын жолдору оңдолуп, тротуарлар, сейилбактар жасалып, картайган бак-дарактардын ордуна жаңылары тигилип, көчөлөр жарыктандырылып, шаарыбызды жашартуу аракеттери көрүлүп жатат”,-деп белгиледи.

“Нукура” фестивалында борбордук аянтта тигилген ак өргөөлөрдө шаардын 5 чөлкөмүнүн тургундары тарабынан кыргыз элинин улуттук тамак-ашынын, кол өнөрчүлүгүнүн, салт-санаасынын үлгүлөру көрсөтүлдү.

Майрамдык иш чаранын алкагында агартуучулардын, медайымдардын аллеялары, 1983-жылкы муундар тарабынан жасалган “Ынтымак” аллеясынын, балдар аянтчасынын, А.Чыңгышев атындагы сейилбактын, муниципалдык наабайкананын жана тигүү, жыгач цехтеринин ачылыш аземдери болуп жатат.

Маараке кечинде борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын чон программадагы концертик программасы менен жыйынтыкталат.

Связанный пост