Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадиону толугу менен реконструкцияланат
Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадиону толугу менен реконструкцияланып, заманбап 5 миң орундуу спорттук комплекске айланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорду даярдоо үчүн шаардык бюджеттин эсебинен 2 млн 300 миң сом бөлүнүп берилди.
Долбоордун алкагында төмөнкү иштер жасалат:
- 5000 орундуу заманбап трибуналар;
- жамгырдан жана күндөн коргой турган жабуу;
- эл аралык стандарттагы футбол талаасы;
- жөө күлүктөр үчүн 6 жолдуу чуркоо тилкелери;
- жогорку сапаттагы түнкү жарыктандыруу мунаралары;
- автотоктотмо жай жана коопсуз кире бериштер;
- замандын талабына жооп берген инженердик-техникалык шарттар.
Бул стадион Нарындын гана эмес, бүтүндөй аймактын спорттук инфраструктурасындагы чоң жаңылануу болуп саналат. Бул жерден республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.